logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Айылдык айымдарды ишкерликке үйрөтүү окуу-көнүгүмдөрү Базар-Коргондо болуп өттү

125.09.2020   09.25

Австралиянын Москвадагы элчилигинин Тике жардам программасынын (DAP) алкагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору боюнча Базар-Коргон районунун Акман, Базар-Коргон жана Жараке айылдарында ишкерлик болжом 2 күндүк окуу-көнүгүмдөр болуп өттү.

Бул көнүгүмдөр ушул жылдын 19-сентябрынан тартып 24-сентябрлар аралыгында болду. Долбоордун максаты аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү жана айыл жергесинде гендердик теңдикти камсыз кылуу.

Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында иштеп жаткан кыз-келиндердин өз жардам топтору үчүн ишкерликти колго алууга багыт берүү максатындагы окутуу ар бир ӨЖТ Биримдиктери үчүн өзүнчө жүргүзүдүүдө. Онлайн форматындагы бул окуу 19-24 сентябрлар аралыгында тайжырбалуу тренер Айназбек Түмөнбаев тарабанын өткөрүлдү. Тренингдин биринчи күнүндө бизнес план түзүүнүн теориялык көрсөтмөлөрү берилип, ал эми кийинки күнү катышуучулар ишкер долбоорду тренердин жардамы менен иштеп чыгышты. Адегенде Базар-Коргон айыл аймагындагы “Ак тилек” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү эки күндүк окууда өз аймактарындагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышты. Мында күнөөскана куруу, гүл өстүрүүчү чарба түзүү, боорсок жасай турган цех ачуу, тигүү цехин ишке киргизүү, дарыкана иштетүү сыяктуу ишкер-долбоорлор сунушталды. Долбоор түзүүнүн ар бир тапшырмаларын аткарышып, ар бир Биримдик төрт же, беш долбоорду сунушташты. Ал эми Акман айыл аймагында уюшулган “Акыйкат” жана “Асылзат” ӨЖТ Биримдиктери Жараке, Кайырма айылдарындагы орчундуу делген маселени ишке ашыруу үчүн долбоорлорду түзүштү.

Ар бир ӨЖТ Биримдигинен 25 тен адам катышып, жалпы үч ӨЖТ Биримдигинен 75 адам окутуудан өттү. “Эрайым” АКБнин ӨЖТ боюнча тирекчиси Кишимжан Боронбаеванын айтымында “сунушталган ишкер-долбоорлордун ар бири олуттуу жана айыл жергесинде ишке ашырууну талап кылган маселелер. Бирок, долбоордун талабы боюнча ар бир ӨЖТ Биримдигинен бирден долбоор жактырылат жана ар бирине 150 миң сом кайтарымсыз дем берүүчү грант берилет. Ишкерлик долбоорлор жергиликтүү бийлик менен биргеликте ишке ашырылат“.

2

3

4

5

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу 

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru