logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Өз жардам топторунун катары өсүүдө

114.11.2020   18:41

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунун аркасында ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун бир миссиясы өз жардам топторун жандандыруу.

Андыктан ушул долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарында бул кезге чейин отуз өз жардам тобу уюшулуп, алар үч ӨЖТ Биримдиктерине биригишкен. Аталган уюмдун облустагы тирекчиси Кишимжан Боронбаеванын айтымында “долбоордун үчүнчү фазасында райондогу Бешик-Жон, Кеңеш жана Сейдикум айыл аймактары да кошулуп,ар бир айыл аймакта экиден өз жардам топтор уюшулат. Азыр андай топторду каттоо, окутуу башталды. Сабактар пандемиялык кырдаалга байланыштуу онлайн форматында жүрөт.”

Айыл жергесиндеги жашоо агымын жакшыртууга, элдин демилгелүү аракеттерин колдоого алуу менен көйгөйлөрду чечүүгө Өз жардам топтору жакшы салым кошуп келишет. Мындан жыйырма жыл мурда уюшула баштаган мындай топтор азыр кадыресе өз ордун таап калды. Алгачкылардан болуп Бешик-Жон айыл аймагындагы Бай-Мундуз айылынын тургундары топтолушту. Алар “Баластан” жана “Бай-Мундуз” ӨЖТсы уюшулду. Ар биринде он экиден мүчө кабыл алынды.

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу  

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru