logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

"Кеңеште" чоң иштер жасалат

114.11.2020  19:40

Кеңеш айыл аймагы Базар-Коргон районундагы ири аймактардын катарында турат. Калкынын саны боюнча,ошондой эле көп улуттун өкүлдөрү жашаган элдүү айыл. Тилекке каршы, заман талабына жараша сырттан инвестиция тартуу, долбоор аркылуу жергиликтүү көйгөйлөрдүү чечүү жагдайында соолгун аракеттер жүрүп келет.

Мына ушундай жагдайды эске алышкан айыл аймактын активдүү кыз-келиндери “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин чыңдоо” деген долбоорго катышуу демилгеси менен чыгышты. Аталган айыл аймактын Көкчөгөз айылынын тургуну Жаңыл Чыйбылова “Эрайым” уюму тууралуу маалыматы бар экендигин, уюм тартып келген долбоордун алкагында коңшулаш эле Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарындагы кыз-келиндер көп жакшы иштерди жасап жатышкандыгын телеканалдардан көрүп калганын айтып, “мен ушундай жакшы иштерди көрүп, аябай суктанчуумун. Анткени, мен билген эле тааныштарым “биз муздаткыч алдык, биз нан бышыра турган жабдык алдык, анан бизге аны берди, муну берди” деп, мактанып калышчу. Ошондой аябай ичим ачышып, “кантип ушул уюм менен иштешсе болот, бизде деле толгон-токой маселер бар, болгону биз аны кантип оң жагына чечүүнүн жолун билбей келебиз. Эгер бизге кимдир бирөө багыт берсе, окусак, үйрөнсөк, биз деле өз көйгөйүбүздү өзүбүз чечип алсак болчудай” деген ой дайыма көкүрөгүмдө турчу. Мына минтип, менин тилегим ишке ашып жатат. Мен жана биздин көчөнүн кыз-келиндери мындан ары уюм менен иштеше баштайбыз. Мен абдан кубанып жатамын. Мен көп жылдан бери “Акбермет” балдар бакчасында иштеймин. Бала бакчабыздын имараты эски. “Кантип оңдоп алам?” деген суроо турат. Ичинде да жетишпестиктер бар. Эми бул уюм аркылуу өз жардам тобун түзүп алсак, маселебиз оң жагына чечилет деген үмүт пайда болду”-дейт, Жаңыл айым.

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин облустагы тирекчиси Кишимжан Боронбаева “долбоордун үчүнчү фазасында райондогу Бешик-Жон, Сейикум жана Кеңеш айыл аймактары кошулуп жаткандыгын белгиледи. Демек, бул айыл аймактардан активдүү жана демилгелүү кыз-келиндерден өз жардам топтору уюшулат жана аларды окутуулар башталат. Азыркы пандемиялык кырдаалга карап, адегенде онлайн форматында тренингдер өтүлө баштайт”.

Кеңеш айыл аймагындагы ар улуттун кыз-келиндеринен куралган беш топ тузүлө турган болду. Аларга уюм тууралуу жана долбоордун алкагында жасалган жумуштар кеңири тааныштырылды. Бул жолугушууга долбоордун тирекчиси Максат Пирматов, тренер Венера Бабединова да катышты. Ал эми алдыга чоң максат койгон айымдар өз аймагыбызда көп жакшы иштерди жасайбыз деген ниеттерин билдиришти.

2

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу  

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru