logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү ынтымак жолу менен чечүү

414.11.2020   22:51

Жергиликтүү медиаторлордун “Үй-бөлөлүк медиация” боюнча кесипкөйлүгүн жогорулаттуу максатында уюштурулган окуу курсу 2020-жылдын 7-8-9-ноябрь күндөрү Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өттү.

Окуу курсу Германиянын “Дүйнөгө Нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Медиация Борборунун жетекчиси, медиация боюнча дасыккан машыкчы Гүлсина Кожоярова тарабынан өткөрүлдү. 3 күндүк окуу көнүгүмгө Ош жана Жалал-Абад дубандарында буга чейин медиация боюнча атайын мыйзамда көрсөтүлгөн окуудан ийгиликтүү өтүп, КРнын медиаторлордун коомдоштугу тарабынан медиатордордун статусу ыйгарылдыгын тастыктаган күбөлүкө ээ болгон 13 медиатор катышты. Алар өз жардам топтун жигердүү мүчөлөрү жана “Эрайым” уюмунун кызматкерлери.

Окуу көнүгүм 3 күнгө созулуп, төмөндөгү 5 темаларды өзүнө камтыды: “Үй-бүлөлүк медиациянын өзгөчөлөктөрү”, “Үй-бүлөлүк медиатордун конфликтологиялык ишбилгилиги”, “Үй-бүлөлүк медиатордун коммуникативдик ишбилгилиги”, “Үй-бүлөлүк медиатордун эмоционалдык ишбилгилиги”, “Үй-бүлөлүк медиатордун жол-жоболоштуруу ишбилгилиги”.

Ар бир теманын алкагында катышуучулар теориялык түрдө алган билимдерин практикалык түрдө тайпаларга бөлунүп, андан ары атайын даярдалган кейстер менен өздөрүнүн медиаторлук ыкмаларын жана жөндөмдөрүн бекитишти.

- “Бул үч күндүк интенсивдүү окуу аябай кызыктуу өттү жана бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болду. Үй-бүлөлүк медиация боюнча кесипкөйлүктү жогорулаттууда пайдалуу маалыматтарга жана тажрыйбаларга ээ болдук. Эми мындан ары алган билимдерибиздин негизинде элибизге, жарандарыбызга үй-бүлөлүк чыр-чатактарды сүйлөшүү менен тынчтыкта чечүүгө даярбыз”– дейт курстун катышуучулары Наргиза Хусанова, Айнура Акматова.

Окуунун жыйынтыгында катышуучулардын программаны канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн текшерүү үчүн атайын тестирлөөдөн өтүштү, ал эми окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучулар үй-бүлөлүк медиация боюнча кесипкөйлүгүн жогорулатуу жөн€ндө сертификаттарды алышты.  

1

2

5

6

7

8

9

11

Эрлан Давлатов, Ош облусу

 

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru