“Эрайым” АКБ, ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жүргүзгөн жана Бейөкмөт уюмдар секторунда, мамлекеттик структураларда, донордук уюмдарда жана бирикмелерде кеңири белгилүүлүккө ээ болгон эң алгач түзүлгөн бейөкмөт уюмдардын бири. Мунун бары жакырчылык менен күрөшүүгө, этника аралык келишпестиктерди жумшартууга, өсүп келе жаткан жаш муундардын талант жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, конуштардын инфраструктураларын жакшыртууга жана коомчулуктардын кызыкчылыктарын коргоого багытталгын бир канча долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу аркылуу жетишилди.

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмеси, 1995-жылы “Ашар” коомдук-саясий кыймылынын алдында “Курманжан-Датка” аялдар комитети болуп түзүлгөн. Бул мезгил аралыгы жаңы конуштардагы көп балалуу жалгыз бой аялдар үчүн өзгөчө татаал кез эле. “Курманжан-датка” аялдар комитети ушул категориядагы аялдарга көмөк көрсөтүү үчүн уюшулуп, кийинчерээк, 1998-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинде “Эрайым” АКБ болуп кайрадан катталды.

Азыркы учурда “Эрайым”АКБ конуштарда жана алыскы айылдарда жашаган калктын аз камсыз болгон катмарын, өздөрүнүн көйгөйлөрүн Өз ара жардам топторун (ӨЖТ) түзүү жолу менен чечүүлөрүн активдештирүү боюнча ишмердиктерди алып барып жатат. Мындай суроо туулушу мүмкүн: “А эмне үчүн ӨЖТ? ”- Кыргыз Республикасында бир структурада турган мүчөлөр бир бирине жардам берип жана жамаатташып аракеттенип кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкен өзүнө өзү көмөк көрсөтүнүн башка формалары да бар эмеспи.

2000-жылдан бери “Эрайым” АКБ өз ара жардамдашуу концепциясын конуштар жана республиканын айыл аймактарында жакырчылыкты басаңдатуучу ыкмалардын бири катары жайылтуу жана сиңирүү менен шугулданууда. Өз көйгөйлөрүн жергиликтүү деңгээлде чечүү үчүн бенефициарларды пассивдүүлүк жана аракетсиздик абалынан активдүүлүккө өткөрүү идеологиясын “Эрайым” АКБ бардык долбоорунда колдонуп келет.