КӨРҮҮБҮЗ

Ар бир адамга бакубат жашоо.

ОЗУЙПАБЫЗ

Социалдык адилеттүүлүккө жана коомдун бакубатуулугуна салым кошуу.

УЮМДУН БААЛУУЛУКТАРЫ

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, мамлекеттик жана БУУнун туруктуу өнүгүү программаларынын негизинде иш жүргүзөт;
  • Максаттуу топтордун, кызматкерлердин, кызыкдар тараптардын ой-пикирлерин, кызыкчылыктарын, муктаждыктарын, эске алып алардын билимине, тажрыйбасына, жөндөмдүүлүктөрүнө таянат;
  • Уюм алган гранттарга донордун жана максатуу топтордун алдында жоопкерчиликтүү;
  • Уюм ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзөт;
  • Улуттук маданиятка таянып, салттык жана заманбап ыкмаларды айкалыштырып колдонот;
  • Уюм “зыян келтирбе” принцибине таянат жана тобокелдиктерди эске алат.

МЕРЧЕМДИК МАКСАТТАР

  • Мерчемдик максат 1. Калктын аярлуу катмарын бакубат жашоого, социалдык теңдүүлүккө жана саламатуулукка жеткирүү. (Жакырчылыкты кыcкартуу);
  • Мерчемдик максат 2. Келечек муунду позитивдүү маанайда, улуттук маданияттын негизинде замандын талабына ылайык тарбиялоого колдоо көрсөтүү. (Келечек муунду өстүрүү программасы);
  • Мерчемдик максат 3. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө жарандык институттарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. (Жарандык институттарды өнүктүрүү программасы).
  • Мерчемдик максат 4. Максаттуу аймактарда жаратылыш менен адамдардын ортосундагы гармонияны калыбына келтирүүгө көмөктөшүү. (Экологиялык программа).
  • Мерчемдик максат 5. Уюмдун институционалдык жана каржылык дареметин күчөтүү. (Уюмдук өнүгүү)