Өз жардам топторунун демилегелери
13.09.2014 16.21
Германия мамлекетиндеги “Дүйнөгө нан” уюмунун колдоосу менен “Эрайым” аялдар коомдук уюму ишке ашырып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чындоо» долбоорунун алкагында Жалал-Абад областындагы Жалал-Абад шаарына караштуу Ч. Айтматов муниципиалдык аймагында жана Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон, Акман айыл аймактарында түзүлгөн чоңдордун Өз Жардам топтору өз аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында демилгелүү аракеттерди жүргүзүп жатышат.
Бул максатта ар бир топтун мүчөлөрү атайын көнүгүмдөрдөн өтүштү. Аталган долбоордун психологу Калдарбекова Жылдыздын жетекчилигинде Акман айыл аймагына караштуу Колот айылынын тургундарынан түзүлгөн “Тунук”, Базар-Коргон айылындагы “Насаатчы”, Кайырма айылындагы “Алга”, “Жоогазын”, “Байчечекей”, Жон айылындагы “Ынтымак”, “Ак канат”, Колот айылындагы “Мамыр-Ата”, Базар-Коргон айылындагы “Паризат”, “Үмүт”, “Жаштар”, Жалал-Абад шаарындагы “Айымзат” - Өз жардам топторунун мүчөлөрү үчүн “Демократиянын принциптери жана адам укуктары” аталышындагы көнүгүм өттү. Ал эми мектеп окуучулары үчүн «Адам укугунун негизинде гендердик тендик жөнүндө түшүнүк» аталышындагы окуу көнүгүмү окуучулардын өз укуктарын билүүсү жана азыркы кезде талаш-тартыштарды жаратып жаткан гендердик саясат тууралуу кеңири малымат алышты. Уюштуруучулардын айтымына караганда көнүгүмгө катышуучулардын кызыгуусу күч болуп, ар бир күнкү окутуулар кызыктуу жүрдү. Бул аралыкта чоңдор менен балдар өздөрү жашаган аймактагы айрым көйгөйлүү маселени чечүүгө чечкиндүү кадам таштай алышканын белгилешти катышуучулар.
Б.Ажымаматова