Ирода жаңы паспорт алды
22.02.2021 12:14
Базар-Коргон айылынын тургуну Толкунбек кызы Ирода бир жылдан бери паспорт ала албай, катуу кыйналып келген. Анын себеби, биринчиден мурдагы паспортунун мөөнөтү өтүп кетип, жараксыз болуп калган. Аны алмаштырып алууга убактысы, мүмкүнчүлүгү да жок болчу.
Ошол эле мезгилде паспортунун жоктугунан баласына да туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жүргөн.Турмуштан кыйналган айым кимге барып жардам сурашты билбей жүргөн кезинде “Эрайым” уюмунун Жалал-Абад облусундагы долбоор юристи тууралуу маалымат алат. Анан ал 2020-жылдын декабрь айында юрист Гүлнара Ташиевага жолугуп, арыз муңун айтат. Юрист Гүлнара айым адаттагыдай эле мындай кайрылууга өз жардамын берүү аракетин көрөт. Адегенде эски паспортунун жарактуулугун тактайт.
- Ироданын паспортун базадан таза чыгаруу үчүн катуу убара тарттык. Себеби, баягы эле бюрократиялык мамиле.”Ага бар, тигиге бар” дешип, кагаз ишин топтогонго бир кыйла убакыт кетти. Акыры бардык документтер такталган соң,жаңы паспортко тапшырдык. Мына ал иш да соңуна чыгып, Ирода жаңы паспорт алууга жетишти-дейт, Гүлнара айым.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу