Ош шаарында Алишер Навоийнин 580 жылдыгы белгиленди
24.02.2021 09:12
“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда уюшулган ӨЖТлардын “Шарк” Биримдиги жана Нариман айылында жаңыдан түзүлгөн “Саховат” , “Биримдик” ӨЖТнун мүчөлөрү менен ушул жылдын 19-февраль күнү Ош шаарында өткөрүлгөн Алишер Навоийнин 580 жылдык маарекесине катышты.
Бул маареке №16-Абу Али ибн Сино мектебинде БӨЖТлар арасында Алишер Навоийнин ынтымак, достука арналаган ырларын көркөм окуу менен башталды. Андан соң Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чара Алишер Навоий атындагы сейил бакта жана Бабур театрында белгиленди. Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар Алишер Навоийнин өрнөктүү өмүрү, басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу туралуу кенээн маалымат алуу менен анын чыгармаларын, ырларын угуп руханий жактан эстетикалык ырахат алышты. БӨЖТ мүчөлөрү келечекте ушундай үлгүлүү инсан болсок деген тилектерин билдиришти. Иш чаранын соңунда катышуучулар Алишер Навоийнин эстелигине гүл чамбар коюу менен жыйынтыкталды.
Эрлан Давлатов, Ош облусу