13.09.2014  16.44

2014-жылдын 12-сентябрында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесине Австралиянын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери кеңешчи, элчинин орун басары Мелисса О’Рурк (Melissa O’Rourke), элчиликтин 1-катчысы Майкл Кортефф (Michael Kourteff ) жана элчиликтин саясий бөлүмүнүн кызматкери Наталья Чудиновскаялар келишти.

Коноктор иш-сапарынын алкагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жалпы ишмердүүлүгү жана азыркы тапта ишке ашырылып жаткан долбоорлору жөнүндө таанышышты. “Эрайым” уюмунун өкүлдөрү учурда Кыргызстандын түштүк жергесинде жүзөгө ашырылып жаткан Германиянын “Дүйнөгө нан” уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу ынтымакты жана биримдикти чыңдоо”, ошондой жаңыдан АКШнын Демократиялык Комиссиясы тарабынан колдоого алынган “Кыз Коргон институту” коомдук фонду менен биргеликте иш жүзүнө ашырылып жаткан “Макулдуксуз ала качуунун алдын алуу” долбоорлору жөнүндө кененирээк маалымат беришти.

“Эрайым” Кыргызстандын жер-жерлеринде социалдык-экономикалык маселелерди чечүү маанилүү экенин баса белгилеп, өздөрүнүн максаттуу топторуна күнөскана курууну үйрөтүү, радио узелдерди орнотуу жана өз жардам топторуна замандын талабына ылайык окуу-көнүгүмдөр керек экендигин билдиришти.

Элчиликтин өкүлдөрү болсо кыска мөөнөттүү социалдык, экономикалык долбоорлорго колдоо көрсөтүшөөрүн билдиришти.

Australia-ambassy

Р. Жусупова