1

26.02.2021  11:07

Ош облусунудагы ачылган «Улуттук медиация борбору» ушул жылдын 21-февралында жергиликтүү медиаторлордун кезектеги чогулушу болуп өттү. Ага Улуттук Медиация бөлүмүнүн башчысы Авазбек Шамшиев жана тажрыйбалуу медиаторлордон Тамара Токтосунова, Салия Тайлакова баштаган бир топ өкүлдөр, ал эми жергиликтүү жаңы даярдалган медиаторлордон Дилфуза Анарбаева, Дилшод Кадирходжаев, Кыял Мамажанова, Гүлкайыр Жолдубаева жана Өз жардам топторунан тандалып алынган медиаторлордон Наргиза Хусанова, Камила Эрмекбаевалар катышты.

Чолугуштун жүрүшүндө борбор тарабынан аткарылуучу иш пландар боюнча талкуу жүрүп, мындан ары аталган жергиликтүү медиаторлор ыктыярчы катары күн сайын 2 сааттан өз көйгөйлөрү менен кайрылган жарандарга тажрыйбалуу медиаторлор менен чогуу жардам берүүнү чечишти. Жумуш учурунда жергиликтүү медиаторлор билимин, иштөө ыкмаларын практика жүзүндө жакшыртуу максатында «Улуттук медиация борборунун» эксперттери менен тыгыз кызматташып чогуу иш алып барып, өз дараметтерин көтөрө алышат дейт – Борбордун бөлүм башчысы Авазбек Шамшиев.

Эскерте кетсек, “Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында 2020-жылдын 24-29-февралдар аралыгында Ош облусунун Кара-Суу районунда 6 жергиликтүү медиаторлор “Медиация базалык курс жана “Үй-бүлөлүк медиация” окуу курстарынан өтүп, медиаторлука даярдалган.  

2

3

4Эрлан Давлатов, Ош облусу