Англиянын маданияты бизге окшош
25.03.2021 10:25
Айсулуу Орозова Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде англис тили мугалими болуп иштейт. Ошол эле мезгилде «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тартып келген «Салттык жана заманбап усуларды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунда англис тили ийримин жетектейт. Долбоорго тартылган орто мектептердин ар биринде бери жагы эле отуздан ашуун окуучу ал ийримге катышат.
Ар бир сабакты өз графигинде өткөрүү менен гана чектелбестен, балдардын англис тилин терең үйрөнүүсүнө бардык аракетин жумшайт. Чет тилинин тамгаларынан тартып, сөздөрүн жаттатып, жазууга, текст окууга, ырдоого каныктырат. Кезек-кезек балдардан тест алып, райондук, областтык, эл аралык олимпиадаларга, сынактарга катыштырат. Мындай сынактардан кур кол кайтышпайт. Дайыма жеңүүчүлөрдүн сабында болушат. Өткөн жылдагы пандемиялык кырдаал анын ишин үзгүлтүккө учураткан жок. Ал дагы онлайн форматында сабагын өтүп, анан ийримге катышкан бүтүрүүчүлөрдү жогорку деңгээлде ЖРТга даярдай алды.
Долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы № 26 Кудайбердиев жана Жалал-Абад шаарындагы №7 Алым Усман атындагы орто мектептерде Англия мамлекетинин маданияты боюнча ачык сабак жана сынак уюштурду. Мындагы сабак балдардын логикасын өстүрүү, англис тилинде бири-бири менен баарлашуу, сүрөт тартуу, көргөзмө жасоо, ырдоо форматында жүрдү.
- Негизи Англия өлкөсүнүн маданияты биздикине кыйла окшош. Анын окшош жактары эмнеден көрүнө тургандыгын бул сабакта айтып бердим. Өзүбүз да салыштырып, сүрөт тарттык. Музыкаларыбыздагы окшоштуктарды издедик. Эми болсо Лингва мектеби тарабынан уюштурулуп жаткан “I love English” конкурсуна даярданып жатабыз. Ага даярдык жүрүп жаткан мезгилде окуучулардын бул тилге болгон кызыгуусу артат. Себеби,алар ар бир сынактан ийгиликтүү кайтууну самашат - дейт, Айсулуу айым.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу