Кошуналардын ынтымагы
02.04.2021 10:01
Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак, Шарк, Мады, Төлөйкөн, Сарай, Нариман айыл аймактарында “Эрайым” уюмунун “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган ӨЖТ Биримдиктери жана жаңыдан түзүлгөн алты өз жардам тобу өздөрүнүн айылдарында, көчөлөрүндө кошуналардын ынтымагын бекемдөө максатында “Кошуналар ынтымагы” аттуу иш-чарасын өткөрүштү.
Бул иш-чара жаздын келиши, кут толгон Нооруз майрамына карата өткөрүлүп ага жалпы ӨЖТ Биримдиктери жана жаңы түзүлгөн өз жардам топтору катышып, куттуу майрамда элибиз бири бирине аяр, боорукердик менен мамиле жасап, аз камсыздууларга жардам берип, карыялардын батасын алууга умтулушту. Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп, сүмөлөк кайнатып, бири-бирине айыл жашоочулары жана ынтымактуу кошуналар ак тилек, таза сезимдерин билдиришти дейт - Радуга ӨЖТ тобунун мүчөсү Шайиста Латипова.
Иш-чаранын алкагында бата берүү салттары менен бирге, жалпы майрамдын катышуучуларына сүмөлөк таратылып, ошол күнү элдердин ынтымак, достук, биримдиги жана тынч жашоосу даңазаланды.
Эрлан Давалатов, Ош облусу