106.04.2021   11:19

“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Шарк айыл аймагында түзүлгөн “Акжол” мырзалар ӨЖТ тобу “Кара-Суу дыйкан базары жарманкесине” катышышты.

Иш-чара Кара-Суу районунун борбордук аянтында белгиленип, 3 күнгө уланды. Ага Шарк айыл аймагынын атынан мырзалардан уюшулган “Акжол” ӨЖТнун мүчөлөрү барып, өздөрүнүн үлүш жерлеринде өстүргөн картошка, сабиз, пияз жана башка жер-жемиштерин сатууга коюшуп, жарманкеде кошуна өлкөлөргө келечекте айыл чарба жер жемиштерин экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк дейт - “Акжол” ӨЖТнун жетекчиси Адылжан Тургунов.

Бул жарманкеде айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Кара-Суу райондук администарциясынын айыл-чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо бөлүмүнүн өкүлдөрү уюшулуп, бардык дыйкандардын эмгегин баалап, жарманкеде дүң баада баа коюп сатууга коюшту.

Шарк аймагынан “Акжол” мырзалар тобунун мүчөлөрү жарманкеде бир жылдык түшүмүнөн 3 тонна картошканы – 84000 сом, 3,5 тонна сабизди - 70000 сом, 1,8 тонна пиязды - 36000 миң сомго, жер-жемиштерден - 11000 сомго жалпы 201000 сомдук соода жүргүзүшкөнүн топтун мүчөлөрү кубануу менен билдиришти.  

3

2

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу