121.04.2021   09:12

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында 2020-жылдын ноябрь-декабрь айыларында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган “Керме-Тоо”, “Курманжан Датка”, “Шарк” Биримдиктери Кара-Суу районундагы Сарай, Нариман, Төлөйкөн айылдарында жаңыдан түзүлгөн ӨЖТ топторун өз карамагына алышты.

Аталган аймактарда топторду көбөйтүүнүн максаты элдер арасында ынтымак, достук, биримдикти бекемдөө менен аларга жарандык билим берүү жана өз көйлөрүн чечүү үчүн ишкерликтерди жүргүзүү, жашоо деңгээлин көтөрүү тагырагы айылда, көчөдөгү турмуш тирикчилик маселелерин биргеликте чечүүгө колдоо көрсөтүү экенин ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева билдирет.

Белгилей кетсек “Керме-Тоо” Биримдиги ушул жылдын январь айынан - апрель айына чейин аралыкта Төлөйкөн айылындагы жашоочуларга ӨЖТ тууралуу маалымат берип, өздөрү жасаган ийгиликтүү иштери жана жетишкендиктерин айтып беришти. Белгилей кетсек топтун түзүлүү баскычы пандемия учуруна туш келип, бир топ убакытка чейин уланып, кыйынчылыктар болгонун - Биримдик мүчөлөрү белгилешет.

Жыйынтыгында Төлөйкөн айыл аймагында “Жаңы айыл” жана “Ак-Буура” өз жардам топтору түзүлдү. Аталган эки топ өздөрүнүн муктаждыктарын “Керме-Тоо”биримдигинин мүчөлөрү менен чогуу талкуулашып, андан соң ага карата өздөрүнүн жобосун кабыл алып, кирүү акысын 100 сомдон белгилешти. Ал эми ошол күндөн баштап эсеп-китептерди так жүргүзүү боюнча катышуучуларга Биримдиктин мүчөсү Авакан Нишанова айтып өттү.

“Керме-Тоо” Биримдиги тарабынан топторду колдоо максатында өздөрүнүн ортолук сактоолуктарынан “Ак-Буура” жана “Жаңы айыл” топторуна 1000 сомдон 2000 мин сом акча каражатын беришти. Ал акчаны жаңы топтор ортолук сактоолуктарына салышты.

Максатка жетүү үчүн жаңы топторго жергиликтүү машыкчылар калыптуу окуу көнугүмдөрдү башташты. Анда ӨЖТ мүчөлөр “Команда түзүү”, “Өкмөттүк эмес жана чөйрө”, “Шыкактоо жана талам-талашуу”, “Социалдк өнөктөштүк” окууларынан өтүп жатканын жергиликтүү долбоордун координатору Икрам Исраилов кабарлайт.  

2

3

4

5

6

7

Эрлан Давлатов, Ош облусу