Акылман апалар жомок күнүн эне мектептеринде өткөрүштү
25.04.2021 14:15
Кара-Суу районунда уюшулган “Шарк” ӨЖТ Биримдиги ушул жылдын 23-24-апрель күндөрү Кызыл-Кыштак жана Шарк айыл аймактарындагы “Кызгалдык”, “Роза нуру” эне мекте бптерине барып, кичинекей балдар үчүн “Акылман апалардан жомок” аттуу иш-чарасын өткөрүштү.
Бул иш чара “Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулду.
Бул саамалыкта апалар кичинекей бөбөктөр үчүн улуттук кийимдерди кийип, кыргыз, өзбек элинин жомокторуна токтолуп, балдарга эки элдин достугу, ынтымагы жана улууларды урматтаган тарбиялуу элдик жомокторду айтып беришти.
“Иш-чаранын негизги максаты келечегинен көптү үмүттөндүргөн балдарга элдик жомокторду жеткирүү жана аларга тарбиялык маанидеги акыл-кеңештерди айтуу, ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү менен эмгекчил, чынчыл болууга үйрөтүү жана тарбиялоо дейт” - Эне мектебинин жергиликтүү тирекчиси Гүлкайыр Жолдубаева.
Эрлан Давлатов, Ош облусу