128.04.2021  14:34

Жаз келип бардык аймактарда айлананы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кезде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган “Шарк” ӨЖТ Биримдиги жана “Навбахор”, “Барсбек” БӨЖТ мүчөлөрү чогуу биргеликте экологиялык иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарада ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү четте карап турбастан, өз айылдарынын көчөлөрүндөгү таштандыларды тазалап, бош жаткан аянттарга гүлдөрдү жана бак тигүүнү колго алышты.

Ал эми бул саамалыкта БӨЖТ мүчөлөргө “Шарк” Биримдигинин мүчөлөрү ортолук сактоолуктарынан 1000 сом акчага ар кандай гүлдөрдүн түрлөрүн алып беришти. Демилгелүү БӨЖТ топтун мүчөлөрү алынган гүлдөрдү көчөлөргө жана жайкы сезондо ачылып, өз ишин баштаган “Акылман Ордо” Эне мектебинин короосуна алынган гүл көчөттөрүн олтургузушуп, айланасын таштандыдан арылтышты.

“Биздин мындай аракетибиз, максатыбыз айыл тургундарынын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо, аларды айылдын өнүгүп өсүүсү үчүн колдон келген салымдарын кошуусуна үндөө болсо, экинчиден жаштарды эмгекке үйрөтүү. Айылдардын көркүн чыгаруу, таза кармоо. Ар бирибиз таза жана көрктүү, кооз аймакта жашашыбыз керек. Жаштарга ушуну түшүндүрүү” – дейт иш-чаранын башында турган долбоордун Ош областы боюнча ӨЖТ тирекчиси Дюшенилева Нарынкүл.

Бул иш-чара айыл жашоочуларын айылдын экологиялык, санитардык абалын таза кармоого жана айылдын өнүгүшүнө аз да болсо салым кошууларына чакырык таштады. Иш-чара аяктаган соң демилгелүү топтор мындай иш-чараны жыл сайын уюштуруп турууну убадалашты.  

2

3

4

 

5

7

Эрлан Давлатов, Ош облусу