07.10.2014  19.18

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин демилгеси менен ушул жылдын башында ишке аша баштаган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо» долбоорунун аткарылышын же жарым жылдык жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү.

Ага долбоорго тартылган бардык кызматкерлер катышышты. Долбоордун башкы тирекчиси Гүлнара Нурматова жалпы иш ыргагы, кызматкерлердин иш пландары аткарылган жумуштар, берилген отчеттор жана алардын сапаттуулугу боюнча маалымат берди. Анын айтымына караганда айрым ийрим жетекчилеринин берген отчетторун да кемчиликтер, стандартка тура келбеген жагдайлар бар. Маалыматтар так эмес, үстүртөн жазылган, фактылар жетишпейт. Андыктан ушул жыйында отчету кандай жазуу керек, ар ким өз ишин кантип жайылтуу керектиги туурасында айтылды. Иш чаранын жүрүшүндө ар бир ийрим жетекчисинин ой-сунуштары эске алынып, алдыда аткарыла турган иштер талкууланды.

semi-annual-meeting2

semi-annual-meeting4

semi-annual-meeting5

semi-annual-meeting3

Б.Ажымаматова