103.09.2021  11:34

“Ак-Тилек” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Базаркулова Нурсыйда “Биоартүрдүүлүктү сактоо жана жаңгак токойлорун, жайыттарды башкаруу үчүн жергиликтүү коомчулукка таратуу менен жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында окууларга катышып, алган билимдерин кесипкөй ӨЖТ мүчөлөрүнө 3 күндүк семинар өттү.

Азыркы мезгилде глобалдуу болуп жаткан экологиялык көйгөйлөр боюнча райондогу №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназия орто мектебинин базасында уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө кесипкөй ӨЖТ мүчөлөрүнө Кыргызстандын табигатынын биоартүрдүүлүгү болгон токойлорун сактап калуу, жайыттарын туруктуу башкаруу, таштандыларды таштабоо жана кайра иштетүү, климаттын өзгөрүп баруусун акырындатууга багытталган иш-аракеттерди жасоо (митигация) жана башка актуалдуу маселелер боюнча олуттуу сөз болду. Окуунун жүрүшүндө кесипкөй ӨЖТ мүчөлөрү бул маселе өтө актуалдуу экендигин баса белгилеп жатышты. Алар семинарда окуп үйрөнгөн билимдерин келечекте окуткан окуучуларына сабактарда такай жеткирүү менен айылдаштарына, жоро-жолдошторуна, тааныштарына да маалыматттарды беришерин айтып жатышты. Керек болсо өздөрү иштеген мектеп жамааттарына үйрөнгөндөрүн айтып эле калбастан, аларды таштандыларды топтоо боюнча иштерди уюштурушуп, бак-дарактарды тигүүгө, үй жаныбарларын багууда сандан сапатка өтүүгө багытташарын билдиришти. Мындан сырткары кесипкөй ӨЖТ мүчөлөрү мектептерде жетекчилердин, же башка демөөрчүлөрдү эле күтүп турбастан, өздөрүнүн колунан келе турган таштанды таштабоо, тазалоо, бактарды тигүү, сууну сарамжалдуу пайдалануу жана башка маалыматтарды дубал газеталарга чыгаруу, пландарды түзүп, интернет маалыматтары аркылуу жайылтуу иштерин уюштурабыз деп жатышты. Алар күнүмдүк керектелүүчү товарларды алууда дүкөндөрдөн берилүүчү полиэтилен пакеттердин ордуна, узакка пайдалануучу кездеме баштыктарын колдонууну сунуштап жатышты. Мындай актуалдуу болуп жаткан экология багытындагы туруктуу өнүгүүнү коом, экология, экономиканы чогуу биргеликте алып баруу боюнча окуу семинарларды дагы да тез-тез өткөрүп туруу керектигине токтолушту. “Биз азыркы табигатты сактап калуу менен келечек муундардын да коопсуз жашоосун камсыздоо менен аларга өткөрүп берип, милдеттүү түрдө ар бир жаран эске алуубуз керектигине ынандык” - деп жатышты.

Демек, мындай окуулар дагы да улантылса жакшы болот деген тилектерин билдиришти. Белгилей кетели мынай окуулар сентябрдын ичинде башка топтор үчүн уюштурулат.

2

3

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу