ӨЖТлардын жаштары билимин жогорулатып жатышат
04.09.2021 09:23
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уюшулган Өз жардам топторунун Биримдиктеринин жаш мүчөлөрү өз билимдерин жогорулатуу, азыркы заман шартына жараша ишкерликти үйрөнүү максатында Германия кызматташтыгы жана GIZ уюмдары аркылуу ишке ашырылып жаткан “Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” программасы боюнча үч күндүк окууда болушту.
Ал Жалал-Абад шаарында жүрдү. Мында “Үмүт”, “Жаштар” өз жардам топторунун мүчөлөрү активдүү катышышты. Ал окууга катышкан Айсулуу Орозованын айтымында “мындай окуулар буга чейин өткөн эмес. Негизинен жумушсуз калганда кантип ишке орношсо болот, кесиби боюнча жумуш табылбаса кошумча кесипке кантип ээ болуу керек, ишкерликти баштоонун кадамдары тууралуу сабактар өтүлүп, теория менен практикалык көрсөтмөлөрдү айкалыштыруу менен ар бир сабак мазмундуу, түйшүктүү жана жеткиликтүү жүргөн. Окутуунун соңунда активдүү катышуучуга атайын Сертификат берилди. Бул документ аркылуу ар бир катышуучу өз мүмкүнчүлүгүнө жараша ишкерликти баштаганда жол ачылды десек болот. Ошондой эле бул окуу-семинары биз көптөн күткөн, билимибизди жогорулатып, тажрыйбабызды арттырууга түрткү боло турган пайда алып келди” - дейт, Айсулуу айым.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу