ӨЖТ Биримдиктери элдин камында
11.09.2021 11:45
Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынан түзүлгөн “Акыйкат” жана “Асылзат” ӨЖТ Биримдиктери айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясын жана “Унаа транс” жоопкерчилиги чектелген ишкананын жетекчилигине кайрылып жана аларды шыкактап, Акман айыл аймагындагы бир катар айылдарга машруттук каттамдарды жүргузүштү.
Себеби, азыркы учурга чейин машруттук каттам болбой, жергиликтүү жашоочулар менчик жеңил унааларда, баш аламан график менен катташып жүрүшкөн. Мурда жол кире акысы 20 сомду түзүп, жашоочуларга көйгөй жараткан эмес. Учурда бензиндин баасы кымбаттап, жергиликтүү жашоочуларга Акман-Базар-Коргон каттамынын жол акысы 40 сомду түзүп, барып-келиши 80 сомго чыгып жатат. Бул айыл элинин чөнтөгүнө кыйла эле зыян. Себеби, айылда туруктуу жумуш орду жок, финансылык жактан кыйналган карапайым тургундар мындай жол акынын кымбатташына нааразы болуп жатышкан. Айрыкча базар-Коргон шаарына каттап иштегендер, ал жакка балдарын окуткандар жана бакчага бергендерге кыла эле оордук жаратып келген. Элдин көйгөйүн угуп, бул маселе орчундуу экенин билген ӨЖТ Биримдигинин активисттери маселе көтөрүп, тиешелүү тармактарга,жетекчилерге байма-бай кайрылып келишкен. Ошентип,эл күткөн маселе да чечилип,ентябрь айынан тартып туруктуу график менен Акман айыл аймагындагы Жара, Кош-Коргон, Колот, Кайырма сыяктуу айылдарга маршруттук каттам каттай баштады. Анын наркы 20 сом. Баса, демилгелүү айымдарга айылдык кеңештин депутаттары да колдоо көрсөтүшкөн.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу