113.09.2021  10:13

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коомдук ишмер Абдыкайым Кангелдиевдин “Оштогу ревалюциялык күрөш (2005-2010-жылдын) аттуу китебин китепканаларга салтанаттуу тапшыруу аземи ушул жылдын 30-август күнү Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында болуп өттү.

Ага белгилүү акын, жазуучулар жана “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган “Шарк” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү, балдардын өз жардам топтору катышып, кеченин жүрүшүндө “Эрайым” уюмунун атынан Этноансамбль ийримиинин ар улуттан түзүлгөн жаш таланттары өздөрүнүн чакан концерттик программасын тартуулашты дейт - ийрим жетекчиси Гүласал Алиева.

Иш-чаранын максаты: Аземге келген жалпы катышуучулар 2005-жылы Март Элдик революциясы менен 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясындагы жана Ош аймагындагы урунттуу окуялар, андагы оор учурлар баяндалган даректүү көркөм чыгарманы окурмандарга, жалпы китепти коомчулукка жеткирүү керек экенин коомдук ишмер, жазуучу Кангелдиев Абдыкайым Алибаевич белгилейт.

Жыйынтыгында уюмундун атынан барган ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөр белгилүү акын, жазуучулар менен баарлашып, иш-чарадан таасир алуу менен бул саамалыкты Шарк айыл өкмөтүндө улантып 31-август күнү Эгемендүүлүктүн майрамында элдин тынчтыгын жана биримдигин, ынтымагын чагылдырган программасын тартуулай алышканын БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова айтты.  

2

3

4

5

6

7

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу