118.09.2021  09.47

2021-жылдын 13-сентябрынан 18-сентябрына чейин аралыктан Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбооруна көз карандысыз эксперт Назгүль Аксариева жана Роза Айылчиева тарабынан сырты баалоо жүргүзүлдү.

Баалоонун максаты: Долбоордун иш-аракетине, коомго алып келип жаткан пайдалуулугуна жалпы баа берүү, кызыкдар тараптардын ой-пикирлери, сунуштары аркылуу долбоордун максатына жетүүгө көмөк көрсөтүү.

Сырткы баалоого жүрүп жаткан долбоорго өнөктөш болгон айыл өкмөт, билим берүү, ИДН кызматкерлери, аймактагы соц педогогдор жана максаттуу топтордон - ӨЖТ Бирим диктери, ӨЖТ мүчөлөрү, балдар өз жардам топтору, Энелер мектеби, ийримге катышкан балдар, ал эми юридикалык жана психологиялык ошондой эле медиация ыкмалары боюнча жардам алган бенифициярларга долбоор баалоочулары тарабынан атайын анкеталар түзүлүп, жалпы катышуучулар алган жардамдары боюнча онлайн абалда жооп беришти дейт:- долбоордун жергиликтүү координатору Икрам Исраилов.  

2

3

4

5

6

7

Эрлан Давлатов, Ош облусу