“Шарк” ӨЖТ Биримдигинин жергиликтүү бийлик менен кызматташуусу
06.10.2021 09:33
“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Шарк айыл аймагындагы «Шарк» ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү «Стратегиялык узак мөөнөттүү иш планды иштеп чыгуу» көнүгүмүнүн таасири менен жашоочулар менен биргеликте айылдагы 3 негизги көйгөйдү аныктап, (30.12.2020) айыл өкмөткө үч сунуш менен кайрылышкан.
- 1-сунуш: Диний радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алууга көмөктөшүү.
- 2-сунуш: Шарк айылынын Юлдашев көчөсүнүн тротуарын асфальтоо жана жарыктандыруу аркылуу жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу.
- 3-сунуш: “Бал челек”ишкерлигин өнүктүрүү.
Жогорудагы үч сунуш боюнча ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү аймактагы жергиликтүү бийлик менен кызматташуунун алкагында эки сунуш аткарылды. Атай кетсек ушул жылдын сентябрь айында Юлдашев көчөсүнүн 1 чакырым аралыктагы жолуна асфальт төшөлдү жана 5 электер мамылары жаңыдан орнотулду. Бул иштерди аткарууга - 1,442.500 сом акча каражаты жумшалып, акча жергиликтүү Шарк айыл өкмөтүнөн бюджетинен бөлүндү. Аталган көчөнүн жашоочулары өздөрү – 125,600 сом ал эми Шарк ӨЖТ Биримдиги тарабынан 14,400 сом акча каражаты кошумчаланды. Жалпы каражаттын эсеби – 1,582.500 сомду түздү. Мындай иштин жүрүшүнө четте карап турбай ӨЖТ мүчөлөрү жана жашоочулар ынтымак, достук, биримдикти көрсөтүштүшүп, иштеп жаткан жумушчуларга кошулуп иштеп өз жардамдарын беришти дейт – ӨЖТ мүчөсү Усманова Миновархан.
Жогорудагы экинчи сунуш боюнча ушул жылдын, ноябрь айында болуп өтүүчү беш тегерек столго жергиликтүү бийлик бюджетинен 20,000 сом акча бөлүп беришти. 3-сунуш боюнча Шарк айыл аймагында уюшулган ӨЖТу “Бал челек” кичи ишкерлигин баштаган учурунда айыл өкмөт көмөк көрсөтүшүн – долбоордун жергиликтүү координатору Икрам Исраилов белгиледи.
Эрлан Давлатов, Ош облусу