Тарбиячылар сертификат алышты
16.10.2021 11:37
Ушул жылдын май айында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташ болуп келе жаткан, республикада эне мектептерин түзүү боюнча белгилүү инсан, педагогика илимдеринин кандидаты Л.В.Усенко Базар-Коргон районундагы эне мектептердин жетекчилери, тарбиячылры үчүн “Мектепке чейинки мекемелердин ишиндеги азыркы технология” темасында 72 сааттык атайын курс өтүп кайткан.
Ага район боюнча алтымыш адам катышып, билим алышкан. Мындай окутуу курсунун дагы бир максаты мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары үчүн мамлекет тараптан коюлган ар беш жылда аттестациялоодон өтүү жана квалификациялык билимдерин жогорулатуу талабын жеңилдетүү. Мындайча айтканда, убакыттан утушуп, мындай талапты жеринен аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошол окутуунун катышуучуларына сертификат келди. Алар эми бул документ аркылуу андай талаптан кутулушту. Сертификатты “Эрайым” АКБсынын Базар-Коргон районундагы өкүлчүлүгүнүн Эне мектептер боюнча координатору Дилфуза Назаралиева тапшырды. Эми алар беш жыл аралыгында мындай окутуу курсуна баруу убаракерчилигин тартышпайт. Ал эми тарбиячылар мындай окутуу дагы да улантылуусун өтүнүштү. Себеби, алар биринчиден убакыкттан утушту,экинчиден атайын Бишкек шаарына барып,курстан өтүү үчүн каражат да талап кылынчу. Андай убаракерчиликтен да кутулушту. “Башка тарбиячылар да ушундай жол менен сертификат алышса жакшы болот эле” деген ниеттерин билдиришти.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу