120.10.2021   10:25

Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагында уюшулган “Акыйкат” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү ар ай сайын жыйындарды өткөрүшүп, бир жерге жыйналып, айылдагы ар кандай маселени көтөрүп, анан аны чечүүнүн жолун издегенди адатка айландырып алышкан.

Биримдиктин активдүү айымдары буга чейин да бир катар маселени жөнгө салып келишет. Маселен, Кош-Коргон айылына тигүү цехин ачышты. Ал жерде азыр он эки айым туруктуу иштеп, айылдыктарды тейлеп жатышат. Мында негизинен улуттук буюмдар тигилет. Кызг сеп даярдалат, мындан сырткры кыз-келиндердин кииймдери тигилет. Негизи айылдык кардарлардын талабын аткарышат. Кайырма айылында да тигүү цехин иштетип жатышат. Бул жерде да абал ошондой. Айылга мындай жайлардын ачылышы, жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу болуп жатканын белгилешет. Кайырмадагы бала бакчанын ачылуусуна жана иштеп кетишине алардын салымы чоң. Ошону менен бирге көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, чарбачылыкты өнүктүрүу, дыйканчылыкты колго алуу жагынан да алар жасап жаткан иш аракеттер айтууга арзыйт. Мунун бардыгы “Эрайым” АКБсы тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун таасири десек болот. Аталган долбоордон айыл аймактын жалпы тургундары көп пайда алып жатышат. Ал эми кезектеги жыйында ӨЖТ мүчөлөрү алдыда турган кышка карата даярдык боюнча маселе коюшту. Мында эң алдын ӨЖТ мүчөлөрүнүн камылгасына, отун сууларынын даярдалышына көңүл бурушту. Каражат жагынан кыйналып, көмүр отунунун ала албай жаткандарды эсепке алышып, алар тууралуу айыл аймакка билдирүү жөнөтүү жагы айтылды. Ошондой эле ортолук фонддон да кол кабыш көрсөтүү сунуштары болду. ӨЖТ Биримдигинин жетекчиси Зулайка Жолдошеванын билдирүүсүндө “негизинен айылдыктар кышка карата туздамаларды,кайнатмаларды жетиштүү эле камдап алышат. Бирок, быйылкы жаз-жай айынын кургакчыл келгендиги мал үчүн тоютту жетиштүү камдоого кыйла кыйынчылыктарды жаратууда. Азыр ар бир түк чөптүн баасы 400 сомдон ашып баратат. Тоютту аз камдагандарга да каражат жагынан колдоо көрсөтүу сунуштары да болду”.

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу