121.10.2021   11:08

Базар-Коргон районунун базар-Коргон шаарында уюшулган “Ак-Тилек” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү Пусулманкулова Чолпонай менен Ормонова Ырысгүлдөр кыргыз тилин өнүктүрүү жана азыркы жаштардын эне тилинде сүйлөп, кыргыз тилинин баалуулугун баалай билүүгө каныктыруу үчүн “Бейпилдик”, ”Ак-Илбирс”, ”Шамдагайлар” жана “Мега-Стар” балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү менен биргеликте маданий багытта иш-чара өткөрүштү.

Анда кыргыздын улуттук каада-салтттары, үрп-адаттарын жаштарга үйрөтүу башкы максат болду. Мисалы, “Бешик той” улуттук каада салты качан жана кандай жагдйда өткөрүлөт жана анда кандай эрежелер колдонула тургандыгын адегенде оозеки түшүндүрүшүп, андан соң бул каада-салттын өтүүсүн атайын даярдалган сценка аркылуу көрсөтүп беришти. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” романынын негизинде “Манкурт” аталган баланын абалын сүрөттөгөн көрүнүш тартууланды. Ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды. Кыргыз элинин макал-лакаптары, жаңылмачтары да унутта калган жок. Иш чаранын соңунда кыргыз бийлери жана ырлары аткарылды. ӨЖТ менен БӨЖТлардын биргелешкен иш чарасына “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Базар-Коргон районундагы ӨЖТ тирекчиси Кишимжан Боронбаева менен БӨЖТ тирекчиси Азиз Орозалиевдер да күбө болушту.

2

3

5

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу