109.12.2021   09:34

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагы менен Базар-Коргон шаарында ачылган эне мектептерде чеберчиликке каныктыруу багытында ар түрдүү сабактар тез-тез өтүп келет.

Мындай ыкма тарбиячылардын балдардын табитине төп келген кооздуктарды, жасалгаларды уюштуруп жана ар кандай буюмдарды жасоодо көп кырдуу чеберчиликке ээ болуусун шарттайт. Өзгөчө колдонулбай, керектөөдөн чыгып калган кездемелерден, буюмдардан, дан эгиндердин данынан эң бир кооз буюмдарды жасоодо мыкты тажрыйбага ээ болуп жатышат. Алдыда келе жаткан жаңы жылды тосууда Балаты жасоо жана аны кооздоо сыяктуу чеберчиликке каныктыруу сабагын Базар-Коргон шаарына караштуу Сай участкасындагы “Айкөл” эне мектебинин тарбиячысы Алыбаева Гүлмайрам өткөрдү. Башка тарбиячылардан өзгөчөлүгү жана бул сабакка катышып жаткандар үчүн пайдалуу боло турган жагдай, анын Балатыны эч бир жерде кездешпеген ыкма менен жасай алгандыгында. Мындайча айтканда, ширенкенин чийи жана кебез менен кынаптап тизип, өтө майда иш болгондугуна карабастан, бири-бирине кылдаттык менен чаптап олтуруп, көзгө толумдуу кооздуктарды жасап койду. Сабакка келген ар бир тарбиячы бул ишти чеберчилик менен үйрөнө алышты жана өз иштеринде колдоно турган болушту.

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу