Балдар өз жардам топтору СПИДге каршы
09.12.2021 10:05
Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунун долбоорго кирген мектептердеги балдар өз жардам топтору декабрь айынын алгачкы күнүндө белгиленүүчү СПИДге каршы Бүткүл дүйнөлүк күнүндө “Вело жүрүш” акциясын уюштурушту.
Мында алар райондун борборунан тартып, жакынкы айылдарды кыдырып, СПИД дартынын коркунучтарын, анын кесепеттерин түшүндүрүп жатышты. Колдоруна “Биз СПИДге каршыбыз!”, “СПИД-кылымдын душманы!” сыяктуу ураандарды жазып жана сүрөттөрдү тартып, айылдык жаштарды,окуучуларды жана улуу муундун өкүлдөрүн да СПИДге каршы биргеликте күрөшүүгө чакырып жатышты. Балдардын мындай акциясында ар бир мектептин соцмугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Акман айыл аймагынын жана Базар-Коргон шаардык мэриянын адистери бирге болушту. Белгилей кетели райондогу долбоорго кирген мектептерден 300 бала балдар өз жардам тобунун мүчөсү. Долбоордун БӨЖТ боюнча тирекчиси Азиз Орозалиевдин белгилөөсүндө беш багытта, тактап айтканда, экономикалык,социалдык, экологиялык, билим жана маданий багытта иш алып барышат. Негизги максат балдардын активдүүлүгү жогорулап, демилге көтөрүү жана аны аткарууда башка балдардан айырмаланып турушат. Ошол себептүу алар тарабынан кезек-кезек ар кандай багыттагы иш чаралар,акциялыр өтүп турат.”
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу