114.12.2021   09:37

“Китеп билим булагы” демекчи, китеп аркылуу адам баласы билимин өркүндөтөт, аң-сезимин өстүрөт. Ошондон улам да “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деп да айтылат. Акыркы кездерде мектеп окуучулары компьютерге же болбосо телефонго байланып, бардык нерселерди Интернет булактарынан алып калышты.

Анын кесепетинен китеп бетин ачкылары келбейт, бош убактыларында гана эмес, сабак учурунда да, а түгүл үй тапшырмаларын да интернет аркылуу даярданышат. Мына ушундай жагдайды эске алып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган Төлөйкөн айыл аймагындагы №99-Нурлан Садиев атындагы мектебинде уюшулган “Жаш күч”, “Демилге” балдар өз жардам топторунун жигердүү мүчөлөрү өздөрүнүн досторун жана мектеп окуучуларын китеп окууга канытырууга көп аракеттерди жумшап, ушул жылдын ноябрь айында “Келгиле достор, китеп окуйбуз” иш-чарасын өздөрү окуган мектептин китеп канасында уюштурушту.

Бул иш-чаранын аталышы «Келгиле достор, китеп окуйбуз» деп аталып, ага Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймагынан балдар өз жардам топтру барып катышышты. Мындай саамалыктын максаты балдар китеп окуунун да өзүнчө сырлары бар экендигин билип, китепке болгон кызыгуусун жогорулатуу, билим менен достук, ынтымакты бекемдөө болуп саналат дейт БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова. Анын айтымында катышуучулар көркөм чыгармаларды укулуктуу, кыраатын келтирип, образдуу окушканда, аны угуп катышуучулар муюп жатышканын белгиледи жана бул саамалык ар бир мектептер өткөрүлө турганын айтты.

2

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу