Мады айылында жөө адамдар басуучу жол курулду
15.12.2021 11:43
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн “Курманжан Датка” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү 2020-жылы Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине үч сунуш менен кайрылышкан. Анын бири айыл аймактагы Беделов көчөсүндө (тротуар) жөө адамдар басуучу жол куруу сунушу берилген.
Жогорудагы сунуш боюнча Биримдиктин жетекчиси Санжыра Пусурова төмөнкү маалыматтарды ырастатды. Ушул жылдын ноябрь айында биз берген үч сунуштун бирөөсү ишке ашты. Анткени Беделов көчөсүндө буга чейин чоң жолдо жөө адамдар басуучу жол болгон эмес, белгилей кетсек бул көчөдө “Курманжан Датка”атындагы мектеп жайгашкан биздин балдар ар дайым бул жол аркылуу күндө мектепке барышы аябай кооптуу болуп келген. Бүгүнкү күнү бул көйгөй ӨЖТ Биримдиги берген сунунштун негизинде чечилип аталаган Беделов көчөсүнө Мады айыл өкмөтүнүн бюджетинен 689,000 сом акча бөлүнүп 1,500 метрге жөө адамдар басуучу жолго асфальт төшөлүп, жалпы элибиздин көйгөйү чечилип, учурда биздин жашоочулар жана окуучулар коопсуз жөө адамдар жүрүүчү жолду пайдаланып жатышат дейт.
Биримдике кирген “Даткайым”, “Ырыскы”, “Достук”, “Ак ниет”, “Үмүт”,“Жакшылык”, “Кожо”, “Келечек” ӨЖТ топтору бул көйгөйдү чечүүдө айыл өкмөт менен биргеликте кызматташып, аталган көчөдөгү жашоочулардын короо жайларын жылдырууда ынтымак, достук, биримдик менен чыр-чатаксыз чечүүгө өздөрүнүн чоң салымдарын кошушту дейт айыл тургундары.
Эрлан Давлатов, Ош облусу