Балдарга кам көрүү жана зордук зомбулуктун алдын алуу
24.12.2021 10:21
Ушул жылдын декабрь айында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы №99-Нурлан Сайдиев атындагы мектебинде “Эрайым” АКБси тарабынан түзүлгөн “Жаш күч”, “Биримдик”, “Ак шумкар”, “Ынтымак” БӨЖТнун мүчөлөрү балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданиятуулукка тарбиялоо жана балдар арасындагы ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулук, мектеп рекетчилигине каршы күрөшүү багытында атайын тегерек стол уюштурду.
Бул иш-чарага Кара-Суу райондук эмгек социалдык башкармалыгынын адиси Айзада Абдыкерим кызы, Кара-Суу РИИБдин Кызыл-Кыштак АМБнүн жашы жетелек өспүрүмдөрүнүн инспектору милициянын лейтананты Нурсултан Жанышов, мектеп мүдүрү Топчукан Алимбубаева жана мугалимдери, соц педогог Ажиматова, долбоордун психологу Дилфуза Анарбаева, Балдар Өз жардам топторунун тирекчиси Кыял Мамажанова жана мектеп окуучулары катыштып, анын жүрүшүнө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин областтагы активисттери да күбө болушту.
Балдар ӨЖТру иш-чарада үй-бүлөдө, мектепте болгон зомбулуктарды катышуучуларга сахналаштырылган сценка аткаруу аркылуу көрсөтүштү жана дубал газеталарынада чагылдырышты. Ал эми мектеп окуучуларынын жүрүм-турумдары, билим алуусу, мектеп рекетчилигин жоюу багытында кызуу талкуу жүрүп, ар кандай суроо-жооптор менен келген коноктор балдарга тарбиялык мааниси чоң болгон кеп-кеңештерин айтышты. Мектеп менен ата-энелердин ортосундагы байланышты чыңдоо, балдарга биргеликте тарбия берүү жагдайында да сөз болгонун психолог Анарбаева Дилфуза баяндады.
Эрлан Давлатов, Ош облусу