111.01.2022  11:07

«Достук» ӨЖТнун жетекчиси Иминова Мавлюда командасы менен азыркы учурда үч күнөскананы иштетип келет. 2020-жылдын ноябрь айында Сейдкум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылынан «Достук», «Адилет» ӨЖТсы түзүлгөн. Эки топко “Эрайым” АКБнин Жалал-Абад дубанындагы ӨЖТ тирекчиси К.Боронбаева, машыкчы В.Бабединова жана ӨЖТ боюнча эксперт А.Кошумбаев тарабынан окуу көнүгүмдөр өтүлгөн.

“Достук”, “Адилет” ӨЖТнун он сегиз мүчөсү дагы он эки адамды жумушка алышып, жалпы отуз адам эмгектенүүдө. Ар бир күнөсканалардын узуну отуз эки, туурасы тогуз метр (32 х 9). Бул күнөсканаларды 2021-жылы август айында ишке түшүрүштү. Күнөсканаларды куруу үчүн «UBUD» жана «GIZ» Германия Эл аралык кызматташтык уюму, эки миллион эки жүз миң сомдук курулуш материалдарын алып берген. Ал эми өздөрүнүн салымы атайын адис жалдап, өздөрү дагы жардам берип, күнөскананы курушкан. Ошондой эле жогоруудагы аты аталган уюмдун талабы боюнча, ӨЖТлар жетиштирип жаткан түшүмдөрүн табигый жер семирткичтер менен азыктандыруу, элге органикалык жер семирткичтер менен азыктанып жетиштирилген жер жемиштери менен камсыз кылуу болгон. Жерди Сейдикум айыл өкмөтү берген. Жер ээн талаа болуп, ӨЖТнун мүчөлөрү ал жерди өздөштүрүп, бир гектар жерге жогоруудагы аты аталган уюмдун атына долбоор жазышып, бардык стандартка жооп берген күнөсканаларды курушкан. Андан сырткары ачык асман алдындагы токсон сотых жерге дагы жазындасы негизинен памидор, бадыраң, кулпунай, болгар калемпирин эгишип, жай жана күз айларында сатыкка чыгарышып, өздөрүнүн үй-бүлөлүк бюджетине чоң салым кошушушкан. Күнөсканада бадыраң, помидор, болгар калемпири өстүрүлөт. Биринчи түшүмүн октябрь айында алышып, сатылган түшүмдөрүнүн пайдасын күнөскана чыгымдарына төлөшкөн. Ошондой эле быйылкы эрте жаз айына базарга алып чыгып, сатуу максатында, стакандарга памидор, бадыраң, болгар калемпирлердин уруктарын олтургузушуп, көчөттөрдү даярдашуда. Кийинки сатуудан түшкөн пайдалар эми өзүбүздүн жаныбызга калат - дейт, Мавлюда айым. 

2

3

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу