Айылдын ички жолу оңдолду
11.01.2022 13:15
Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагына караштуу Жаңы Акман айылындагы негизги жол болуп эсептелинген Ж.Абдрасулов көчөсүнүн жолу жергиликтүү тургундарга чоң көйгөй жаратып келген.
Айрыкча бала-бакча жана мектепке барган балдарга жаан- чачын маалында кыйынчылыктарды жаратса, жайкысын жол аң-дөң болуп, чан топуракка айланган. Четиндеги бактар чаңдан бозоруп, акыркы беш жылда такыр оңдолбогон. Бул көйгөй боюнча «Акыйкат» ӨЖТБнин мүчөлөрү өкмөткө көп кайрылышкан. 2021-жылдын жай айларында «Акыйкат» ӨЖТБнин мүчөлөрү жергиликтүү депутаттар жана Акман айыл өкмөтү менен биргеликте иштешишип, бул көйгөйдү оң жагына чечишти. Республикалык бюджеттен жолду тегиздеп асфалттоо үчүн үч милион төрт жүз жетимиш миң сом акча каражатын бөлдүрүштү. Бул каражат 2021-жылдын сентябрь айында жолду тегиздеп асфальттого жумшалып, жыйынтыгында ноябрь айынын этегинде Жалал Абдрасулов көчөсүнүн 700 метр жолу толук бүткөрүлдү. Бирок, аты аталган айылдын ичкери кирип кеткен жолу тегизделип, асфальттанбастан көйгөй боюнча калууда. Бул маселени да жаңы жылда ӨЖТ мүчөлөрү көтөрүп чыгып, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен оң жагына чечтиребиз деген ниетте турушат.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу