021.01.2022   11:37

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон шаары жана Акман айыл аймагынан түзүлгөн ”Ак-Тилек” “Акыйкат”, ”Асылзат” ӨЖТ Биримдиктери 2020-жыл аралыгында айыл аймактардагы эң орчундуу делген жети маселени көтөрүп чыгышып, аны айыл аймактардын жетекчилигине сунушташкан жана кайрылуулар менен чыгышкан.

Бул кайрылуулар боюнча 2021-жылдын январь айында “Ак-Тилек” ӨЖТ Биримдигинин үч сунушу жана 2021-жылдын февраль айында “Акыйкат”, ”Асылзат” ӨЖТ Биримдиктеринин төрт сунушу Базар-Коргон жана Акман айылдык Кеншинин VII-чакырылышынын кезектеги сессиясында каралып, айыл өкмөттөрдүн 2018-2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына токтомдоштурулуп, киргизилген. Албетте, сунушталган маселелер орчундуу жана жергиликтүү калк арасында да көйгөйлүү маселе катары каралып келет. Андыктан аны чечүүдө коомчулуктун да катышуусу зарыл. Андыктан өткөн жылдын 16-17-декабрь күндөрү Базар-Коргон шаарында жана Акман айыл өкмөтүндө “Тегерек стол” уюштурулду. Ага аталган шаардык жана айыл аймактардын жетекчилери, жооптуу адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын өкулдөрү, коомдук активисттер жана коомчулук катышышты. 16-декабрда өткөрүлгөн тегерек столдо Акман айыл аймагынан уюшулган “Акыйкат”, ”Асылзат”ӨЖТ Биримдиги төмөндөгүдөй сунуштарды берген.

1-сунуш - №5 Токтогул атындагы гимназия орто мектебинин актовый залын жабдуулар менен камсыз кылуу.

2-сунуш - Акман айылына кичи нан бышыруучу цех ачуу.

3-сунуш - Акман айылындагы ички көчөлөрдүн тазалыгын иретке келтирүү.

4-сунуш - Акман айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылындагы ФАПты кеңейтүү.

Ар бир сунуш кызуу талкууга алынып, иш чаранын катышуучулары өз ойлорун ортого салышты. Албетте, ар бир маселе жергиликтүү тургундарды ойлонтуп келет. Демек, аны турмушка ашыруу анчейин деле оорчулукту талап кылбайт. Болгону колдоого алып, аракет гана жасоо керек. Мындайда айыл аймактар менен катар коомчулук биргеликте аракет жасоолору зарылдыгы айтылды. Натыйжада, тегерек столдун соңунда ар бир маселе кандайча жүзөөгө ашаары белгиленди, тактап айтканда, 1-сунуш боюнча, Кайырма айылындагы №5 Токтогул атындагы гимназия орто мектебинин актовый залын жабдуулар менен камсыз кылуу жагы 2022-жылы айыл аймактын бюджетине киргизилип, ушул жылда ишке ашырыла турган болду. 2-сунуш боюнча, Акман айыл аймагына караштуу Кайырма айылында Навайкана ачылды, ал эми булочка бышыруу цехи 2022-жылы ишке киргизилет. 3-сунуш боюнча Акман айылындагы ички көчөлөрдүн тазалыгын иретке келтирүү боюнча Акман айыл аймагында тазалык ишканасы уюштурулду жана таштандыларды алып чыгып кетүү үчүн атайын техникалар бөлүндү. Ал эми таштандылар үчүн Акман айыл аймагынан уюшулган БӨЖТнун мүчөлөрү “Акман демилгелүү жаштары” тобу менен биргеликте IDEA CA уюмунан 230 000 сом грант утуп алышты. 90 миң сомго 10 чоң таштанды салынуучу контейнер, 140 миң сомго 50 кичи урна сатып алышып, Акман айыл аймагынын жетекчилигине тапшырышты. 4-сунуш боюнча Акман айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылындагы ФАПты кеңейтүү үчүн айыл аймак “Жараке” участкасына 10 сотых жер аянтын бөлүнүп берилди жана мамлекеттик АКТсы дардалды. Ал эми курулуш ишин жасоо үчүн айыл аймак менен ”Асылзат” ӨЖТ Биримдиги долбоор жазып, тиешелүү уюмдарга тапшыруунун аракетин көрүп жатышат.

“Ак-Тилек”ӨЖТ Биримдиги уюштурган тегерек стол 2021-жылдын 17-декабрында Базар-Коргон шаарында болуп өтүп, төмөндөгүдөй сунуштар каралды.

1-сунуш - Базар-Коргон шаарына караштуу Ак-Тайлак-2 (Ленин МТФ) айылына типтүү 100 орунду балдар бакчасын куруу.

2-сунуш - Базар-Коргон айыл аймагындагы Б.Осмонов, А.Текебаев, Т.Сайдуллаев көчөлөрүндөгү баш аламан жүргүзүп жаткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, таштандыларды тазалап, санитардык тазалыгын камсыз кылуу.

3-сунуш - Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам участкасына чачтарачкана уюштуруу.

Жогоруудагы аталган сунуштар боюнча иш чаранын жүрүшүндө төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды. 1-сунуш 2022-2023-жылдар аралыгында аткарылат. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын планына киргизилди. 2-сунуш дээрлик аткарылды. Анткени, Т.Сайдуллаев, А.Текебаев, Б.Осмонов көчөлөрүнө 42 таштанды салынуучу контейнер коюлду жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан күнүнө тазалоо, иреттөө иштери жүрүп жатат. 3-сунуш дагы дээрлик аткарылды. Чачтарачкана 2021-жылы Беш-Бадам участкасына ачылды, Айыл элин тейлеп жатат. Тегерек столдун соңунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар мындан кийин дагы көйгөйлүү маселелер болсо сунуштарды алууга даяр экендиктерин жана аны биргеликте ишке ашыруу үчүн ӨЖТ Биримдиктерин кызматташууга чакырышты.

4

5

1

2

3

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу