Кара-Cууда ӨЖТ Биримдиктерине пайдалуу окуу көнүгүм өткөрүлдү
21.02.2022 11:00
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы ӨЖТ Биримдиктерине 7 күндүк окуу көнүгүм өтүлдү.
Көнүгүмдөрдүн максаты 3 ӨЖТ Биримдиктеринин иштеп чыккан узак жана кыска мөөнөттүү иш болжомун эффективдүү аткарылышы үчүн ӨЖТ Биримдигинин 9 ордо мүчөсүнө 5 тема боюнча ушул жылдын 9-15-февралдар аралыгында “Биргелешип башкаруу”, “Натыйжалуу жана жооптуу эдвокаси”, “Ишмердүүлүккө бейлөө жана баалоо системасын жүргүзүүнүн негиздери”, “Коомчулук менен мамилелешүү жана РR өнөктүгү”, “Ой жүгүртүүнү өнүктүрүү”, темалары боюнча 7 күн ичинде тажрыйбалуу машыкчылар Мавлюда Тынаева, Мухаммед Диор, Гулзат Газиева жана Асан Пазыловдор жогоруда аталган окууларду жогорку деңгээлде өткөрүштү дейт – Ош облусундагы жергиликтүү тирекчиси Икрам Исраилов.
Көнүгүмдүн катышуучулары заманбап билимди жигердүүлүк менен кабыл алып, кызыгуу менен катышышты. Өтүлүп жаткан көнүгүмдөр машыкчылар тарабынан жогорку чеберчилик менен жеткирилди. Ошондой эле тандалган темалар ӨЖТ Биримдиктери айыл өкмөттөргө берилген жана жаңы сунуштарды берүүдө өнүгүшү үчүн эң маанилүү экендиги да талашсыз.
Биз өзүбүз тараптан үч айыл өкмөткө берилген сунуштарды ийгиликтүү аткарылышы үчүн алган билимибизди, тажрыйбаларыбызды максаттуу пайдаланууга даярбыз жана калган айылыбызда түзүлгөн Өз жардам топторунун мүчөлөрүнө жеткиребиз дейт – “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Юнусова Назгүл.
Эрлан Давлатов, Ош облусу