“Достук мектеп радиосу” долбоору ишке ашууда
17.02.2015 22.24
Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырыла баштаган “Достук мектеп радиосу” долбоору Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Жоомарт Бөкөмбаев атындагы мектеп гимназиясында, Ө.Атабекова атындагы №30 орто мектепте, Жалал-Абад шаарындагы №7-орто мектебинде, Ош областынын Кара-Суу районундагы К.Маткеримов жана Абу Али Ибн Сино атындагы орто мектептерде ишке ашырылмакчы.
Анын алгачкы кадамдары башталып, мектеп радиосунда иштей турган окуучуларды кастинг аркылуу тандоо жана аларды даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул максатта атайын тажрыйбалуу журналист адистер радио жана анын пайда болуусу, радио программаларды түзүү, алып баруу, радио уктурууларды даярдоо багытында атайын сабактарды өтүп жатышат. Долбоордун координатору Алтынай Сабырбекованын айтымына караганда “Достук мектеп радиосу” долбоорун ишке киргизүүчү жана андан ары алып кете турган окуучуларды даярдоо 10 күндүк окутуу менен гана чектелбейт. Алар дайыма атайын сабактардан өтүшүп, ар бир уктурууну даярдоодогу аракеттери көзөмөлдө болот. Долбоор аяктаган соң радионун жабдыктары талоонго түшпөй, ошол мектептин базасында калып, андан ары иштетип кетүүлөрү керек. Ошондуктан биз менен байланыш үзүлбөйт жана бул иш айылдык мектептердеги жакшы саамалык болуп калат. Буюрса радиону март айында толук кандуу ишке киргизебиз”- дейт ал.
Бактыкан Ажымаматова