“Достук” мектеп радиосу долбоорунун алкагында радио жабдыктар мектептерге берилди
18.02.2015 12:05
2015-жылдын 12-13-февралдарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Достук” мектеп радиосу долбоорунун алкагында тендердин негизинде "Information Systems & Solutions" ("Информэйшн Системс энд Солюшнс") жоопкерчилиги чектелген коому жана Рузиева Е.Д. жеке ишкери тарабынан сатылып алынган радио-жабдыктар Ош дубанындагы, Карасуу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектеби менен Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы № 117-Камил Маткеримов атындагы орто мектебине жана Жалал-Абад дубанындагы, Жалалабат шаарынын Чынгыз Айтматов атындагы муниципалдык башкаруусуна караштуу №7 -Алым Усман атындагы орто мектебине ошондой эле Базаркоргон районунундагы Жоомарт Боконбаев атындагы гимназия жатак-мектеби менен №30-Өлмаскан Атабекова атындагы орто мектебине өткөрүлүп берилди.
Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүн ишке ашыруу багытында жана конкреттештирүү максатында иштелип чыккан принциптердин, максаттардын жана милдеттердин расмий кабыл алынган системасын ишке ашыруунун алкагында демилгеленген чакан гранттар программасы тарабынан каржылоого алынды.
Алтынай Сабырбекова