114.09.2022  10:25

Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагындагы “Максат” ӨЖТнун мүчөлөрү биргелешип 2 гектар өз үлүш жерине жүгөрү өстүрүштү. Ишти баштоо үчүн ӨЖТ мүчөлөрү ички сактоолугунан 45000 акча каражатын бөлүшүп, жер айдоо, үрөн себүү, сугат, жер семирткичтер үчүн колдонушту.

ӨЖТ мүчөлөрү жер иштетүүнү жакшы өздөштүрүп, кароосун өз убагында аткарып, суусун жана керектүү дары-дармектерин берип, жыйынтыгында 2 гектар жерден 18 тонна жүгөрү алууга жетишти.

Бул сезондо жүгөрүнүн 1 килограммга болгон баасы 25 сомду түздү жана алынган пайда 450000 сом болду. 2022-жылга карата айыл өкмөт тарабынан дыйкандардан жер салыгы алынган жок, андыктан чыгашаларга кеткен 45000 сомду кемитсек, "Максат" өз жардам тобу 405000 сом таза киреше көрүштү. Киреше ӨЖТнун 10 мүчөсүнө 40500 сомдон бөлүштүрүлүп, алардын керектөөлөрүнө колдонулганлыгын ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева билдирди.  

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу