“Бейиште эки орун бар: бирөө жакшы кайнене үчүн, бирөө жакшы келин үчүн” көнүгүмү Ош жана Жалалабат дубандарында болуп өттү
Үстүбүздөгү жылдын 3-7-февралдарында “Бейиште эки орун бар: бирөө жакшы кайнене үчүн, бирөө жакшы келин үчүн” деген темадагы көнүгүм Ош жана Жалалабад дубандарындагы өз жардам топторунун мүчөлөрүнө Талас дубанын ӨЖТ координатору Кулбачаева Анипа тарабынан өткөрүлдү.
Кыргыз эли кылымдан бери кайнене-келин ортосундагы сууга салса чөкпөгөн, төксө төгүлбөгөн, урса бузулбас, көзгө көрүнбөгөн тосмо турарын билбейбиз. Бейиште эки орун бар: бирөө жакшы кайнене үчүн, бирөө жакшы келин үчүн» - деп Чыгыш макалында айтылган. Биздин кыргыз элинин макалы «Келини жакшы болсо, келген жердин баары чыгат» - деп айтылган кайнене - келин жөнүндө бир топ макал бар. Биздин салт боюнча КЕЛИН болуп жоолук салынгандан баштап, кайнене, кайындарынын оту менен кирип, күлү менен чыгыш керек деген түшүнүк бар. Ал тургай ал үйдө боз балдар, же секелек кыз болсо, бош болсо да үй жумуштарын кылбаш керек. Себеби келинге тиешелүү деп билишет. Көбүнчө жаңы түтүн булаткан жаңы жаш үй-бүлөлөрдө кайнене келиндин тиреши орун алат. Себеби келин “современныймын” деп баш бербейт, кайнене кайненелик милдеттин аткарып башкарам менен алек болот.
Көнүгүмдө кайнененин жакшы жана терс сапаттары каралып чыкты, ошондой эле келиндин жакшы жана терс сапаттары аныкталды. Келиндерге тиешелүү болгон кыргыздын төмөндөгү макалдары көнүгүмдө каралды:
- “Келинди келген жылы эмес, келерки жылы сына”
- “Келиндин чырайы болгуча – ЧЫНАРЫ болсун”
- “Жакшы келин келсе – берди куда, жаман келин келсе – урду куда”
- “Септүү болгуча – эптүү келин бол”
- “Эрди-эр кылган – катын, эрди- жер кылган катын”
- “Эркектин көгү – эр болот, катындын көгү - кара жер менен тең болот”
- Өтө кызыл бат оңот, өпкө кызыл кеч оңот.
- Кайсы элдин жүдөө көрүнсө зайбы, ошол элдин уулуна кой айыпты.
Ошондой эле кайнененин түрлөрүн да талдалды:
- Кожейке кайынэне.
- Ооздукталбаган кайынэне.
- Момун кайынэне.
Көнүгүмдүндө келечектеги кайненелерге насаат айтылды, кайненелер болсо өз тарабына пикир угуштуу.
Алтынай Сабырбекова