120.09.2022   10:29

2022-жылдын 20-сентябрында Шарк ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрүнүн демилгеси менен “Зордук-зомбулуксуз жашоо” иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган Биримдик “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган «Эрайым» уюмунун « Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюштурулган. Иш-чара Шарк айыл өкмөтүнүн жыйындар залында ӨЖТ бирикмелеринин мүчөлөрү, жергиликтүү депутаттар, айыл тургундары жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда өтүп, бул темадагы бир катар көйгөйлөр талкууланды. Иш-чараны өткөрүү үчүн ӨЖТ бирикмесинин ички сактоолугунан 1000 сом жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1000 сом акча каражаты таркатма материалдарын даярдоо үчүн бөлүндү.

Иш-чарада балдардын ӨЖТ мүчөлөрү үй-бүлөдөгү жана мектептеги зомбулуктун алдын алуу көйгөйлөрүн да талкуулашты. Балдардын мектептеги жүрүм-туруму, мектеп рэкетчилигин жоюу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, балдарды биргелешип тарбиялоо боюнча мектеп менен ата-энелердин ортосундагы байланышты чыңдоо маселелери талкууланды», - деп кошумчалады долбоордун психологу Дильфуза Анарбаева.

2

3

Эрлан Давлатов, Ош облусу