“Күзгү түшүм” майрамы
29.10.2022 09:15
2022-жылдын, 29-октябрь күнү Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарында уюшулган БӨЖТнун мүчөлөрү “Күзгү түшүм” майрамын өткөрүштү. Бул саамалык Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сино жана Камил Маткеримов атындагы №117-орто мектептеринде өтөрулүп, ага “Ширин”, “Балажан”, “Барсбек”, “Ак ниет”, “Кыргызстан” БӨЖТ мүчөлөрү катышышты.
Берекелүү күз майрамына өздөрүнүн короосунда өстүргөн жер жемиштерди (коон, дарбыз, пияз, сабиз, ческок, помидор, калемпир, ашкабак ж.б.), ошондой эле кол өнөрчүлүктөрүн жарманкеде көрсөтүштү.
Күз фестивалынын негизги максаты - жашылча-жемиштердин пайдасын көрсөтүү, активдүү жашоо образын жана туура тамактанууну жайылтуу. Белгилей кетсек, буга чейин “Эрайым” уюмунун тренери Алтынай Сабырбекова балдардын ӨЖТ мүчөлөрүнө туура тамактануу боюнча көнүгүм уюштурган. Жыйынтыгында сергек жашоого үндөө боюнча мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келе жатат”, - дейт долбоордун БӨЖТ боюнча тирекчиси Кыял Мамажанова.
Эрлан Давлатов, Ош облусу