Баткен окуясынан жапа чекендерге жардам
22.09.2022 11:23
Ушул жылдын 19-20-сентябрь күндөрү Баткен облусунда болгон каргашалуу окуядан улам Ош шаарына келген 5 үй-бүлөгө ӨЖТ биримдиктери тарабынан жардам көрсөтүлдү. Жардамга муктаж үй-бүлө мүчөрлөрүнүн саны 15-18 кишиге жетет (жалпы 81). “Эрайым” АКБнын Ош облусундагы 7 кызматкери 1000 сомдон (7000 сом өлчөмүндө) өздөрүнүн жардамын көрсөтүштү.
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган “Шарк”, “Курманжан-Датка”, “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдиктери 15000 сом, дыйкан чарба менен иш алып барган 6 ӨЖТ тобу өздөрүнүн багынан мөмө-жемиштерди жеткирип беришти, тигүү цехин иштеткен “Навбахар” жана “Гүлбахар” ӨЖТ топтору жууркан төшөктөр менен камсыз кылышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу