Жаз, көктөм жана сүмөлөк
02.04.2015 17:30
Тоо, суу, таш жана табигаттын не бир керемет сырларына сыйынып, жаратылыш кубулуштары менен кошо жашап келген ата-бабаларыбыздын муундан муунга сактап келген жакшы салттарынын бири жаз келип, көктөм чыкканда Сүмөлөк кайнатып, теңирден мол түшүм, береке, кут, ырыскыны тилешет. Ушул жылдын ынтымакка ширелген берекелүү жыл болуусун суранышат.
Мындай аруу тилек менен азыр ар бир айылда, көчөдө, жамааттарда сүмөлөк кайнатуу каадасы улантылып келет. 600 дөн ашуун түтүн калк жашаган Жаңы-Акман айылынын тургундарынын биргелешип мындай саамалыкты өткөрүүнүн себепчиси мындагы “Айзат” Өз жардам тобунун 12 кыз-келинден турган жамааты болду. Анын жетекчиси Зулайка айым Жолдошеванын айтымында “бул Өз жардам тобу айылдагы көйгөйлүү маселени көтөрүп, аны жетекчилерге маалымдап, ишке ашыруу жагына көмөк көрсөтүү менен гана чектелбестен, ич ара фонду түзүшүп, жыйналган каражаттын эсебинен муктаж болгондорго 5 пайыздык үстөк менен таркатып келишет. Ошол эле мезгилде ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүшүп, эс алууларды да уюштурушат. Ар жылы өздөрү жыйнаган каражаттын эсебинен Ысык-Көл, Арстанбап, Кара-Шоро, Сары-Челек сыяктуу эс алуу жайларына да барып турушат.” Ошондой маданий иш-чаранын алкагында өтүп жаткан топтун сүмөлөк кайнатуу каадасына Англия мамлекетинин Түштүк-Батышындагы Эксетер университетинин студенти Том Вартон да күбө болду. Ал өзү билим алып жаткан окуу жайдагы эки профессордун сунушу менен Кыргызстанга келип, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташууну максат кылган. “Мен Кыргызстандын,анын ичинде айыл калкынын жашоосу менен жакындан таанышуу үчүн келгемин. Бул жакка келип “Эрайым” уюмунун жасап жаткан иши жөнүндө жетиштүү маалымат алууну көздөп, жер-жерлердеги Өз жардам топторунун аракетине күбө болуп жатамын. Мага Кыргызстан жана кыргыз эли жагып жатат. Алардын көп жакшы салттары бар экен. Мына бүгүнкү эле өткөрүп жаткан иштери мени таң калтырып жатат”-деди ал. Айзат” Өз жардам тобу 2007-жылы уюшулган. Алар айылдагы жол масалесин, балдардын татыктуу билим алуусуна жетиштүү шарт жаратуу, айыл чарбачылыгындагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгышып, айыл өкмөтүнө билдирип турушат. Алардын демилгеси менен кезинде эл башкарып, колхоздун башкармасы катыр иштеп кеткен Таштанбеков Кадырбектин ысмын узун көчөгө ыйгарышып, анын артында калган уул-кыздардын көмөгү менен көчөгө шагыл төктүрүп алышты. Бала бакча куруу маселесин да көтөрүп келе жатышат. Ошону менен бирге өз фондулары да бар. Муктаж болгондорго 5 пайыздык үстөк менен аманатка беришип, ошол аркылуу фондуларын көбөйтүп жатышат. Казанда боркулдап сүмөлөк кайнап жатса, Базар-Коргон көлүнүн жээгиндеги түздөк аянтта тушоо кесүү салты өтүп жатты. Кыз-келиндердин тобунан жана балдардын тобунан куралган жөө күлүктөр белгиленген аралыктан жүгүрүп келишип, эми там-туң кадам таштап бараткан наристенин тушоосун кесишсе, “Айзат” Өз жардам тобу менен башка кыз келиндердин жага жигиттердин ортосунда аркан тартышуу таймашы жүрдү. Чакан айылдагы бул саамалык элдин ынтымагын, биримдигин тастыктап турду. Анткени, ар кимиси тапканын казанга салышып, бир дасторкон четинде өткөн-кеткенден кеп урушуп, ушул күндү эсте калаарлык маанайда өткөрүштү. Мындай жагымдуу маанайды жараткан иш чарага “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин өкүлү Абдылас Кошумбаев, уюмдун Жалал-Абад областы боюнча координатору Кишимжан Боромбаева жана уюм аркылуу ишке ашып жаткан долбоордун активисттери күбө болушту.
Б. Ажымаматова