Достук алмасы
14.06.2015 11:15
Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” коомдук уюмунун каржылоосу менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин ынтымагын жана достугун чыңдоо” долбоорунун алкагында уюшулган Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ыкыбал Ахмадалиева атындагы Балдар бакчасында жакшы саамалык өттү.
Аталган долбоор боюнча “Китеп сүйүүчүлөр” ийримин жетектеп жаткан Хамида Наскулованын уюштуруусунун алдында “Аруузат” жана “Келечек” балдардын өз жардам топторунун мүчөлөрү куурчак театрын ачышып, алар алгачкы оюнду ушул балдар бакчасындагы бөбөктөр үчүн тартуулашты. Ал Кадырбек Калыковдун калемине таандык “Достук алмасы” аталышындагы аңгеменин негизинде сахналаштырган. Мында кошуна жашаган эки баланын ортосундагы достук менен катар алардын өз ара пикир келишпөөчүлүгү жана алардын талаш-тартышын кошуна аксакалдын туура чечип берүүсү, аларды ынтымакка чакырып, айылдагы бардык балдарга алма көчөтүн эктирип, аны асыроосу жана мөмөсүн тең бөлүп жеши сүрөттөлөт. Балдардан сырткары тоок, короз, күчүк жана мышыктын катышуусу менен жүргөн сценка кичинекейлерге жагып, алар да андагы ар бир каармандын сөзүнө маани берип жатышканы, достук, ынтымак жана биримдик тууралуу сөздүн жүрүшү, балдардын сезиминде калды. Ийрим жетекчиси Хамида айымдын айтуусунда “бул оюнду башка балдар бакчаларына да коюп чыгышат”.
Бактыкан Ажымаматова, “Эрайым пресс”