Puppet Theater3

14.06.2015   11:33

“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин ынтымагын жана достугун чыңдоо” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунун аймагында түзүлгөн Өз жардам топторунун демилгеси менен Акман айыл аймагына караштуу Колот айылында жакшы саамалык болуп өттү. Айылдагы ӨЖТ менен БӨЖТлар биригип, куурчак театрын ачышкан.

Алар алгачкы спектаклди “Достук үйү” деп аташып, аны аталган айылдын тургундарына тартуулашты. Токойдогу чычкандан тартып, коен, улак, түлкү, карышкыр паанектеген үйдү, чоң аюу келип бузуп салат. Бирок, жаныбарлардын биримдиги, достугу менен ал үй сакталып калат. Демек, “ынтымак,достук бар жерде дайыма ийгилик болот жана эч качан сырттан эч ким катыла албайт. Ушундай ойду берген бул оюн айылдагы балдардын, чоңдордун ынтымагын арттырууга чоң таасир берет”-дейт, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад областы боюнча координатору Кишимжан Боронбаева. Анын белгилөөсүндө “бул куурчак театры жаңыдан түзүлдү, эми алар өз репертуарларын кеңейтишип, сценкадан тышкары ыр-бийлерди даярдашып, эл аралап чыгышат”.

Puppet Theater3

 Бактыкан Ажымаматова