VolunteersinAB42.09.2015   9:59

Үстүбүздөгү жылдын 3-августунан 14-августуна чейин англис тил мугалимдери үчүн он күндүк курс болуп өттү. Мындай курстар жыл сайын Улуу Британиядан келген тажрыйбалуу ыктыярчылар тарабынан өткөрүлөт. Быйылкы жылы дагы “Эрайым” уюуму тарабынан чакырылып, бул уюмдун ардактуу коноктору Клэр Ривз, Урсула Стабингс жана Жан Гласбергдер келишти.

Жан Гласберг Кыргызстанга биринчи жолу келди. Ал Кэмбридж университетинин көп жылдык стажга ээ окутуучусу болгон жана азыркы учурда ардактуу эс алууда.

Курстар Нарын областынын Ат-Башы районунун Абдыралы Керимбаев атындагы мектебинде болуп, 23 мектеп мугалими ага катышты.

Бул иш чаранын ачылышына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациянын төрагасы Асаналиев Жайлообек Наматбекович жана Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Султанов Үсөнбек Бирназаровичтер келип катышышты.

Бул долбоордун алкагында англис тилин окутуунун усулдары боюнча көргөзмө куралдар, англис тилинин грамматикасы жана ырлары китептери, дисктер, ошондой эле кыргыз-англис тил сөздүктөр катышуучуларга берилди. Курстун бүтүүсү менен 18 мугалим сертификат алышты.

Айта кетчүү нерсе бул долбоор Улуу Британиянын CAF (кайрымдуулук жардам фонду) тарабынан каржыланат.

VolunteersinAB2

VolunteersinAB5

VolunteersinAB1

VolunteersinAB3

 

Алтынай Сабырбекова