Өз жардам топтору айылды көтөрүүдөгү башкы күч
2.09.2015 16:14
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан ондогон долбоорлордун бири - айыл жеринде Өз жардам топторун түзүп, алар аркылуу айыл элинин активдүүлүгүн көтөрүү, айылдагы социалдык маселелерди чечүү.
Бул багытта Кыргызстандын бардык аймагында чондордун жана балдардын Өз жардам топтору активдүү иштеп жатат. Анын алдынкы сабында турган Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылындагы ӨЖТ нүн иш-тажрыйбасын жайылтуу багытында республикалык семинар өткөрүлдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Талас жана Ысык-Көл областтарында иштеп жаткан ӨЖТлардын мүчөлөрү, долбоордун алкагында иш алып барган психолог жана бир катар ийримдердин жетекчилери катышышты. Семинар үч күнгө созулду. Анын биринчи күнүндө Сары-Ой айыл аймагынын Өрнөк айылында Чынара Кыдыралиева жетектеген ӨЖТлардын иш-аракети менен таанышуу багытындагы иш-чара өттү. Анда бул жердеги «Биримдик» тобунун мүчөлөрү адегенде өздөрө жасап жаткан иштер тууралуу кенири маалымат беришти. Айта кетүүчү жагдай бул топтун мүчөлөрү жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташ болуу менен бирге бир катар майда деп, маани берилбей келген жумуштарды ишке ашыра алышкан. Маселен Чон-Сары-Ой айылына медициналык борбор ачууга көмөк көрсөтүшкөн. Жыл ичинде элдин активдүүлүгүн көтөрүү багытында маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүшөт. «Энелер күнүн», Жаны жыл, Аялдар майрамын, Нооруз, Жеңиш күнүн, Эгемендүүлүк майрамдарын белгилөө менен катар «Супер келинчек», «Ыр кесе», «Бешик той» сыяктуу сынактарды да уюштурушат. ӨЖТ мүчөлөрүнүн жашоолорун жакшыртуу аракеттери күч. Андан кийин топтун мүчөлөрүнүн аткаруусунда кызыктуу концерттик программа тартууланды. Түштөн кийин семинардын катышуучулары үчүн «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин кызматкери Маматказы Капаров «Индия ӨЖТларынын иш тажрыйбасы тууралуу» маалымат берди.
Айта кетели, Маматказы мырза Индия жергесине «Айтек» программасынын алкагында» Айыл жергесин өздөштүрүү» долбоорунун алкагында бир айлык мөөнөт менен Индия мамлекетинде болуп келди. Анда аталган өлкөнүн ӨЖТларынын жасап жаткан иштери менен таанышты. Ага дүйнөнүн 17 мамлекетинен келишкен. Калкынын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турганы менен жашоо шарты төмөн турган бул мамлекетте эл өз жашоосун жакшыртууга бар күч аракетин жумшап жаткандыгынын бир мисалы катары ӨЖТлардын иштери тууралуу кенири маалымат берди.
Ошол эле күнү Ош, Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Талас областтарынын ӨЖТ жетекчилери өздөрүнүн иштери боюнче жетиштүү маалыматтарды беришти жана ал кызуу талкууга алынды. Бул жерде бири-бири менен тажрыйба алмашышты. Семинардын экинчи жана үчүнчү күнүндө «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин кызматкери Капаров Маматказы Грант жазуунун жол-жоболорун үйрөтүү сабагын өткөрдү. Мында айыл жергесин көтөрүү багытында ар кандай долбоорлорду кандай багытта жазуу керектиги, долбоордун багыты, максаты, маселени көтөрүү, бюджетин түзүү, долбоордун туруктуулугу боюнча теория менен практиканы айкалыштырып,кызыктуу сабактарды өттү. Сабактын жүрүшүндө «Эрайым» АКБнын кызматкери Гүлнара Нурматова да кошумча түшүндүрмөлөрдү берип, катышуучулардын активдүүлүгүн көтөрүп жатышты. Бир канча жылдардан бери «Эрайым» АКБсы менен кызматташ болуп келе жатышкан германиялык Анна менен Изабел да бул иш чаранын күбөлөрө болушту.
Ал эми семинарды «Эрайым»АКБнын жетекчиси Рахила Жусупова жыйынтыктады.
Бактыкан Ажымаматова