2015-жылдын «Эң мыкты БӨЖТ» аныкталды
03.02.2016 17:25
Ош дубанындагы Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында БӨЖТ топ мучөлөрүнүн ортосунда 2015-жылдын декабрь айында «Эң мыкты БӨЖТ» кароо сынагы болуп өттү. Сынактын максаты эң мыкты БӨЖТун таап чыгуу менен бирге “Эрайым” АКБ, БӨЖТ тастыктамасы тууралуу кеңири маалымат алуу менен бирге, жашап жаткан аймактагы ар бир улуттун маданиятын , салт-санаасын баалап сыйлоого үйрөнүү болду.
Ошондой эле бул сынакта башкаруу үй-бүлөдөн башталаары чагылдырылып, балдардын туура жолдо өсүүсүндө үй-бүлөнүн мааниси чоң экендиги берилди.Сынакка БӨЖТ мүчөлөрү жана БӨЖТнун ишмердүүлүгүнө кызыккандар келип катышышты. 11-6 жашка чейинки БӨЖт мүчөлөрү катыша алышты. Жалпысынан кароо сынактын убактысы 1саат 30 мүнөткө созулду. Кароо-сынак 3 тур менен өттү. Биринчиси “Саламдашуу”. Өз БӨЖТнун ишмердүүлүктөрү жана жашаган айылын даңазалоо менен саламдашат. Экинчиси “Акыл ордо”. Бул турда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси, аткарылып жаткан долбоор, БӨЖТ тастыктамасы тууралуу болду. Үчүнчүсү “Өнөрүн болсо, өргө чап”. Мында БӨЖТ мүчөлөрү өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ырдашты, музыкалык аспапта ойношту. Бийлешти.
Кароо-сынактын жыйынтыгында Шарк айыл аймагынан 4 БӨЖТ катышып, алардан «Навбахор», Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 6 БӨЖТ катышып, алардан «Жылдыздар», ал эми Мады айыл аймагынан 5 БӨЖТ катышып, алардын ичинен «Тумар» БӨЖТ “Эң мыкты БӨЖТ” деп калыстар тарабынан аныкталды. Сынакты уюштурган “Эрайымдын” коомчулук менен байланыш түзгөн кызматкери Эрлан Давлатов.
2016-жыл, 25-январь.
Ош шаары, Кара-Суу району