Тренер Майкулакова Дилнора тренинг учурунда03.02.2016  17:40

Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиялык “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салтык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө достукту, ынтымакты бекемдөө” долбоорунун негизинде уюшулган Өз Жардам топторунун активист мүчөлөрүнөн жана айыл тургундарынын арасындагы жигердүү жашоочулардан демилгелүү топ түзүлгөн.

Демилгелүү топтор өз жерлеринин негизги маселелери катары эне мектептерин уюштурууну көтөрүп чыгып жатышат. Эне мектебинин негизги максаты мектеп жашына чейинки балдарды туура тарбиялоо, айрыкча ата-энелери сыртта жүргөн балдарды кароого алып, алардын тарбиясына маани берүү. Себеби айыл жерлеринде бала бакчанын жетишсиздигинен мектеп жашына чейинки балдарга көңүл бурулбай калууда. Ушундан улам 2016-жылдын, 29-январында “Эрайымдын” өнөктөшү Бишкектеги № 186 бала бакчанын алдында түзүлгөн мектеп жашына чейинки балдарды окутуу боюнча ресурстук борбордун жетекчиси Майкулакова Дилнора Шарк айыл аймагында жайгашкан Абу Али Ибн Сино атындагы орто мектебинде эне мектебин ачуу багытындагы окууну өткөрдү. Бул окууга эне мектебин ачууга дилгирленген өз жардам топторунун мүчөлөрү катышты.

Бизде бул жылы 21 эне мектебин ачууга аракеттенген адамдардын тизмеси катталды. Көпчүлгү өздөрүнун бош үйлөрүндө ачышканы жатышат. Бул окуудан катышуучулар көп эне мектеби тууралуу терең маалымат алышты.-дейт эне мектебин уюштуруу багытындагы “Эрайымдын” жоопкерчиликтүү кызматкери Жолдубаева Гулкайыр.

Бул маалыматты “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош областы боюнча коомчулук менен байланыш түзүү кызматкери Эрлан Давлатов билдирди.

Тренер Майкулакова Дилнора тренинг учурунда

Катышуучу ӨЖТ мүчөлөрү

ӨЖТ топ мүчөлөрүнөн активист аялдар

Бактыкан Ажымаматова